Мезгил
UFCнин жеңил салмактагы чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов кийинки беттеши качан өтөөрү белгилүү болду.
Маалымдалгандай, мушкердин кезектеги беттеши ушул жылдын 7-сентябрында өткөрүлөт. Мындай маалыматты UFCнин президенти Дана Уайт да тастыктады.
Хабиб Нурмагомедовдун атаандашы азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, Нурмагомедовго Конор Макгрегор менен болгон беттештен кийин «бейбаштык» кылган үчүн 500 миң доллар айып пул салып, 9 айга беттештерден узакташтырылган. Орусиялык мушкер жалпы 27 беттешке чыгып, баарында жеңишке жеткен.