И. Карамушкина, К. Орозова, А. Кодурановалардын мандаты чакыртылып алынат

    Мезгил

Сагынбек Абдрахманов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрүнө, жергиликтүү баштапкы уюмдарга кайрылды. Кайрылууда КСДП партиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттары, 7-августтагы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин И. Карамушкина, А. Кодуранованын, К.Орозованын аракеттерине терең баа берип, алардын Фракцияда калуудагы моралдык жоопкерчилигин тактап, партиянын атынан алган “Жогорку Кеңештин депутаты” деген мандатын чакыртып алуу боюнча маселени баштапкы уюм кароосу зарыл экендиги айтылган.

– Баарыңыздарга белгилүү болгондой 7-августта Атамбаев жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык тутумуна каршы иш аракетин өзүнүн тарапташтары менен уюштуруп, жыйынтыгында УКМКнын атайын кызматынын бир кызматкерин өлтүрүшүп, алты кызматкерин барымтага алышып, бир нече кызматкерлеринин ден соолугуна ар кандай залалдарды келтиришти. Чүй облусттук ИИБнин башчысы оор жаракат алып, ушул күнгө чейин эсине келе элек.

Укук коргоо кызматынын бир нече кызматкери ар кандай жаракат алышты. Мындан сырткары жүзгө жакын карапайым жарандарыбыздын дагы ден соолуктарына залал келди. Партиянын мурдагы төрагасы Атамбаев өзүнүн кылмышын жашыруу үчүн биздин партиялаштарыбыздын тагдырын талкалап, өзү менен кошо кылмышкерге айландыргандыгына менин жүрөгүм ооруп турат. Ошолордун катарында биздин фракциянын депутаттарынын катышкандыгы мени аябай өкүндүрөт. Бирок менин кайрылбаска аргам жок -дейт Абдрахманов.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *