Ибрагим Балтабаев: Эл карайлап турганда Камчыбек Ташиев карапайым калкка дем-күч болду

Мезгил

Баткендиктер Камчыбек Ташиевди ак баталары менен алкап жатышты. Бул тууралуу жарандык активист Ибрагим Балтабаев билдирди.

Анын айтымында эл башына күн түшсө элин сактар эр чыгат дегендей, элдин тагдырына кайдыгер карап тура албаган бир топ мекенчил жаштар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакка барышкан.

– Азыр аталган аймакта абал тынч. Күч түзүмдөрү, аскерлерибиз баары элибиздин тынчтыгы үчүн аракет кылып жатышат.  Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн жеке автоунаалары менен айылдагы аялдарды жана балдарды башка коопсуз айылдардагы туугандарына ташып, коопсуз айылдарга чыгарышыптыр.

Ак-Сай айылында абал тынч болгону менен азык-түлүк тартыш болуп жатыптыр. Биз элге аз да болсо пайдабыз тийсин деп балдар колубуздан келишинче азык-түлүк алып барганга аракет кылдык.  Элибиздин белгилүү уулу Камчыбек Ташиев дагы элдин зарыл болгон муктаждыктарын чечип, азык-түлүк жагынан да жардам берип жүрүптүр. Карапайым калк Камчыбек Кыдыршаевичти кубануу менен тосуп алып, карылар алакан жайып бата берип алкап жатышты. Чындыгында элибиздин белгилүү адамдары эл карайлап турганда, “силер жалгыз” эмессиңер деп келгени, карапайым калкка дем-күч болоруна күбө болдук-деди Ибрагим Балтабаев.

Ал эми айрым маалымат каражаттарында жана соцсеттерде жарыяланган Камчыбек Ташиев менен дасторкон үстүндө даам сызып отурган сүрөт боюнча жарандык активист “эл мүӊкүрөп турганда, элдин муӊдашы болуп, аларга дем-күч берели деген атуулдарыбызды саясатка айландарып жаткандар жан дүйнөсү тайыз адамдар болсо керек” деген оюн айтат.

Бир жагынан 38 миң калктуу Ворух тажик анклавы, экинчи тарабынан Тажикстандын негизги аймагы болгон 12 миңден ашуун тургуну бар Хожоало кыштагы менен курчалган Кыргызстандын Ак-Сай айылында азыр үч миңге жетпеген эл жашайт. Кыргыз тарабында жер-суу ресурстары жетиштүү болгону менен тажик анклавында табигий өсүштүн эсебинен жер тилкелерине болгон таңкыстык да чыр-чатактардын чыгышына түрткү болорун эл аралык эксперттер буга чейин эскертишкен болчу.

Кыргызстандын анклавды айланып өтүүчү жол салышына каршылык тажик тараптын Ворух анклавындагы жана Хожоало аймагындагы жайыттардын жана суунун жетишсиздиги менен байланыштуу экени буга чейин эле белгилүү болгон.

Чек арада болгон жаңжалда кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жараат алганы кабарланды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *