ИИМ Абдил Сегизбаевди суракка чакырды.

Мезгил

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 13-августта Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды.

Айрым маалымат каражаттары Сегизбаев Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын 11-августта жазып чыгышкан. Бирок, бул маалыматты милиция кызматкерлери туура эмес экенин билдирди.

Ал эми Абдил Сегизбаев 7-август күнү Атамбаевди кармоо операциясындагы жаңжалдан жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Таштагы окуялар борюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

Ал эми Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камакка алынган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *