ИИМ: Аида Салянованын агасы Калый Салянов АКШда жүрөт

Мезгил

Аида Салянованын агасы Калый Салянов АКШда жүрөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында ИИМдин криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди.

Абдиевдин айтымында Калый Салянов Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүү эмес.  Ал Камила Дүйшөбаева өлтүрүлдү делген саунанын видео көзөмөлүнө тартылган видеону өчүрттүрүп салган деп шектелүүдө.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган. Күбө катары суралгандардын катарында мурдагы прокурор Аида Салянованын жакын тууганы да бар болчу. Бирок милиция кийинчерээк бул ишке Салянованын тууганынын катышы далилденбегенин расмий билдирген.

Буга чейин Калый Салянов күбө катары көрсөтмө берип келген. Буга анын Камиланы 9-мартта үйүнө машинеси менен жеткирип барганы себеп болгон

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *