ИИМ Атамбаевдин билдирүүсү боюнча иликтөө иштерин баштады

Мезгил

Ички иштер министри Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын эсепчисинин жана анын үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч жаралгандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Атамбаев 19-ноябрда “Апрель” каналындагы маегинде 2017-жылы президенттик шайлоодо  Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткенин айткан. Ал,

-Бул эсептерди штабдын бухгалтери билчү. Ал эмгек өргүү алып, башка мамлекетке чыгып кетти. Менимче, ал өзүнүн жашоосу үчүн коркту, анткени, азыркы бийлик Бакиевдердин жолу менен баратат. Ал жөн гана кетип калды. Бул чыныгы фамилиялар, чыныгы сандар көрсөтүлгөн чыныгы документ. бул документ тууралуу билгендер өз өмүрү үчүн кооптонушат.

Ошол эле Кулматовду эмнеге паспорт үчүн отургузуп коюшту? Булар күнөөсүздөрдү Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаковдорду камоо менен коркутууда. Керек болсо, өлтүрүп да коебуз дегенди кыйытып жатышат. Ошон үчүн адамдар өз жашоосу үчүн кооптонуп башташты.

Эгерде Илмияновду отургузбаганда, бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы бетин көрсөтпөй турганда, бул документ чыгып кетмек эмес деп ойлойм. Мени таң калтырган жалгыз нерсе – биз атайын шайлоо фонду боюнча чектөөнү алып салганбыз. Эгерде бул таза, ак эмгеги менен табылган акчалар болсо, эмнеге аларды ачык көрсөткөн жок? Бул, албетте, абдан өкүнүчтүү», – деп билдирген  Алмазбек Атамбаев 

Ал эми КСДПсы Надира Сатыгул коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Бирок анын качан жана кайсы мамлекетке кеткени тууралуу маалымат берген эмес.

Эске салсак, Надира Сатыгул кызы КСДПнын каржы иштери боюнча өкүлү болуп иштеп келген, 2015-жылы парламенттик шайлоодо партиянын тизмеси менен депутаттыкка да ат салышкан. Уулу Адилет Сатыгулов БШКнын мүчөсү катары бекитилген.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы, КСДПнын штабынын эсепчиси быйыл 11-ноябрда, президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер социалдык тармактарга жарыяланаардан төрт күн мурда Кыргызстандын аймагынан чыгып кетсе,  18-ноябрда экс-президенттин интервьюсу тууралуу анонс берилгенден кийин эсепчинин баласы да өлкөдөн сыртка кеткенин тууралуу маалымат таркатты. 

-ИИМдин жана башка укук коргоо органдарынын дарегине мындай билдирүү менен жарандар кайрылган эмес. КСДПнын эсепчисин ИИМге өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы тууралуу тиешелүү маалыматтарды берүүсүн суранабыз. Кайтып келсе, коопсуздугун камсыздай турганыбызды жана акыйкат иликтөө болоорун убадалайбыз, – дешет мекемеден. 

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов ноябрдын башында “Фейсбуктагы” баракчасына “Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган” деген каражаттарынын тизмесин жарыялаган.

Анда Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткени айтылган. Президенттин аппараты муну “фейк” маалымат деп мүнөздөгөн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *