ИИМ жалган маалымат тараткандарды жазалайт

Мезгил

Интернет булактарында касташууну тутантууга багытталган  материалдарды тараткан кыргызстандыктар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматтарга караганда,  акыркы учурда улут аралык касташууну тутантууга багытталган  жалган маалыматтар социалдык түйүндөр аркылуу көп таркатылып жатканы белгилүү болгон.

Азыркы учурда ИИМдин кызматкерлери  мындай материалды тараткандарды тактоодо. Аты аталган мекеменин маалымат кызматы Жазык кодексинин 313-беренесине ылайык (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы араздашууну козутуу), аталган мүнөздөгү маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын баса белгиледи.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *