ИИМдин сурагында эсин жоготкон Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин жыйынында отурат

Мезгил

   Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жаткан депутат Зарылбек Рысалиев кечээ Жогорку Кеңештин комитет жыйынына келди.

  Рысалиев быйыл 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгышы боюнча Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунан которулган. Депутат аталган ооруканадан 29-июлда чыккан жана абалы бир аз жакшырганы айтылган.

 Эске салсак, ИИМдин жана ЖАМКтын мурдагы башчысы, парламенттин депутаты Зарылбек Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы тууралу иш боюнча ИИМдеги сурактан кийин ооруканага жаткырылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *