Икрамжан Илмияновдун иши 31-июлда каралат

   Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун иши Октябрь райондук сотунда 31-июлда каралмай болду. Бул тууралуу   Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

 Белгилей кетсек,  Икрамжан Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп, “мамлекетти ири көлөмдөгү зыянга учураткан, алдамчылык” беренеси менен айыпталган. Мындан сырткары Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы инспектору Р.Шакиров “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды” деген айыптоолор коюлган.

Бул кылмыш иштери УКМКдан Башкы прокуратуранын кароосуна өткөрүлгөн. Териштирүүнүн жыйынтыгында Илмиянов менен Шакировго корутунду чыгарылып, Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Тактап айтсак, Икрамжан Илмиянов УКМК тарабынан “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда сот аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *