Индияда аттракцион экиге бөлүнүп кетип эки адам каза болду (видео)

Мезгил

Индияда көңүл ачуучу парктардын биринде аттракцион экиге бөлүнүп кетип  кырсыктан эки  адам каза болду. Аттракцион бараткан  учур видеого түшүп калган.

Бул окуя Индиянын Гуджарат штатындагы Ахмадабад шаарында болгон. 

NDTV басылмасынын маалыматы боюнча, өйдө көздөй айланып турган аттракцион бир убакта иштен чыгып, ичиндеги адамдары менен кулап түшкөн. Кырсыктан эки киши каза таап, 30 адам жаракат алган.

Эскек салсак, ушундай эле окуя быйыл Өзбекстандын Жизак шаарында “Учуучу тарелка” тең жарымынан сынып ичиндеги адамдары менен жети метр бийиктиктен кулап түшкөн кырсык катталган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *