Индияда “Сураджкунд Мела” аттуу эң ири  эл аралык кол өнөрчүлүк жарманкеси өтүп жатат

    Мезгил

Индияда “Сураджкунд Мела” аттуу эң ири  эл аралык кол өнөрчүлүк жарманкеси өтүп жатат

 2020-жылдын 1-февралынан 16- февралга чейин Харьяна штатынын Фаридабад шаарыныда жыл сайын өтүүчү “Сураджкунд Мела” кол өнөрчүлүктүн салттуу түрлөрү боюнча 34-эл аралык фестифаль өтүп жатат. Бул тууралуу Индиядагы Кыргызстандын элчилиги билдирди.

Бул жылы фестивалга Индиянын жана 40тан ашуун өлкөнүн кол өнөрчүлөрү катышууда.  Жыл сайын фестивалга келгендердин саны 1,5миллион адамды түзөт. “Сураджкунд Мела” фестивалы дүйнө жүзү боюнча кол өнөрчүлөрдүн эң ириси болуп эсептелинет. Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин жардамы менен бул жылы өлкөбүздөн 5адамдан турган кол өнөрчүлөр, анын ичинде КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү, жана ошондой эле, А.Шаршебаеванын жетекчилиги астында “Үч муунак” комузчулардын тобу көрсөтүлүүдө. Жарманкеде ата мекендик агропродукциясы менен “Арсланбоб” кыргыз-индия компаниясы да катышууда.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *