Интернетке Атамбаевдин баласы сурак берип жаткан видео тарады (видео)

    Мезгил

Социалдык тармактарга Алмазбек Атамбаевдин баласы Сейитбек Атамбаевдин сурак берип жаткан видеосу тарады.

Видеодо Сейитбек Атамбаев фамилия атын, жана туулган жылы тууралуу айтып жактанын көрүүгө болот.

 Белгилей кетсек  кечээ, Алмазбек Атамбаев менен бирге КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да суракка барган. Ал эми бүгүн Атамбаевдин тарапташы Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова жана Ирина Карамушкина суракка чакырылганы айтылды.

 Эске салсак, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди атайын операция менен кармоо аракети жүргөн. Бирок мындан натыйжа чыкпай экинчи операция  эртеси 8-августта уланып, Атамбаев өзү колго түшүп бергенге мажбур болгон. Экс-президентке коррупция боюнча айып тагылып, ал 26-августка чейин камакка алынды.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *