Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Кыргызстанда кармалды

Мезгил

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, колго түшкөн жаран бир катар оор кылмыштарга айыпталган.

Ыкчам маалыматтар боюнча, 1979-жылы туулган Мурат Ниязов, трансулуттук кылмыштуу топтордун аскердик канатынын лидери болуп саналат. Ал кылмыш чөйрөсүндө мыкаачылыгы өзгөчөлөнгөн.

Казакстандын сотунун чечими менен сыртынан 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал учурда Бишкек ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *