Инвесторлордун укуктары эл аралык деңгээлде талкууланат

Мезгил

Экономика министрлиги менен бирге Эл аралык финансы корпорациясы Кыргызстандагы инвестиция маселелерин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча жыйын курат. Жыйын бүгүн 16-июлда «Hyatt Regency» мейманканасында өтөт. Талкууга кыргыз өкмөтү инвесторлор үчүн түзгөн шарты, алардын укуктарынын корголушу, эл аралык эрежелердин сакталышы туурасында маселелер каралат.

Ошондой эле жыйынга корпорациянын аймактык менежери Кассандра Колберт катышат.

Кыргызстанда кен казган чет элдик компанияларга жергиликтүү элдин каршылыгынан улам адистер соңку жылдары инвесторлордун укуктары корголбой жатканын айтышат. Бул жагдай өлкөгө келчү инвесторлорду азайтат деп божомолдошот.

Ал эми кен казылган аймактарда жашаган жарандар чет элдик компаниялар экологиялык талаптарды сактабай жатканына нааразы болуп келишет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *