Ирина Карамушкина “Ата Мекен” фракциясына: “Бирдеме болсо эле короздонуп чыга каласыңар…”

Мезгил. 

Жогорку Кеңеште УКМКнын Белизгейт боюнча отчетун угууну талап кылышты. “Ата Мекендин” лидери Алмамбет Шыкмаматов коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди жалган маалымат таратканы үчүн жоопко тартуу талабын да койду.

“Өз убагында ал парламенттин үч депутатын Белизгейт боюнча айыптап, далай билдирүү тарапкан. Эми бул маселеге чекит кое турган учур келди. Бул жерде эч кандай жеке мамиле жок, кеп силер, депутаттарга, мамлекетке болгон сый-урмат тууралуу болуп жатат. УКМК саясий куугунтугун токтотушу керек. Ошол убакта КТРК УКМКнын кызматкерлеринин билдирүүсүн чагылдырып турган. Эми да ошондой кылышсын. Кээ бирөөлөр бул жеке мамиле деп айтып жатышат, андай эмес. Эгер биз УКМКнын отчетун талап кылбаса, ар-намысыбызга, атыбызга сокку болот”, – деди Шыкмаматов.

Фракциялашы Каныбек Иманалиев лидерин колдоду.

“Биз өткөн репрессияга баа бере элекпиз. Учурдагы президенттин жасаган иштерине баа беришибиз да керек. Анын аракети менен кээ бирлер дагы деле отурушат, айрымдары саясаттан кетти. Баштагы окуялар кайра каталанбаш үчүн ар бир нерсеге баа берип турушубуз керек”, – деди Иманалиев.

Атамекенчилердин мындай талабы ксдпчы Ирина Карамушкинанын чыкыйына тийди. Ал атамекенчилерди “короздоно” бербөөгө чакырды.

“КСДПдан деле камалып жатышат. Мен деле прокуратурага, УКМКга кайрылгам, проецесстин кандай жүрүп жатканын билгим келет. Силер бирдеме болсо эле короздонуп чыга каласыңар. Биз ксдпчылар камалып жатса деле соттун чечимин күтүп унчукпай отурабыз го”, – деп нааразыланды.

Шыкмаматов да ага жооп кайтарып, “ушундай депутаттардын кесепетинен бийлик жолунан адашканын” белгиледи.

Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *