Ирина “шүмшүкпү” же Сагынбек?

   Мезгил

КСДПдан “куулган” Атамбаевдин “куйругу” Ирина Карамушкина партиянын “клонун” жаратып алып, өз алдынча аракеттенип келе жаткан Сагынбек Абдрахмановду оозго алгыс сөздөр менен тилдеп алды. Бул айым партияны тартып алууга аракет кылгандарды “шүмшүк”, “акылсыздар” деп атады. “Буларды жер кантип көтөрүп жүрөт” дегенге чейин барды.

Бул баканооз аялдын оозу “шефи” түрмөгө камалып, өзү суракка чакырылып, карманган асманы жерге кулап түшсө да жабылбайт экен да. Же ага карата козголгон кылмыш иши Ирина айымдын баш коргоо чарасын үй камагынан түрмө камагына алмаштырганы калдыбы? Мындай болорун алдын ала билип, акыркы огумду атып калайын деп жатабы Ирина Карамушкина? Айтоор алдыда кандай окуя болору кызык болуп турат, азыр.

Иринанын сөздөрүнө Сагынбек Абдрахмановдун өзү не деп жооп берер экен?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *