Иркутскиде дагы суу ташкындады

Мезил

Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам миңден ашуун кишини коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу РИА новости агентиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 29-июлда кабарлагандай ушул түнү  дагы алты районду суу каптаган.

Маалыматка караганда,  жалпы 1076 киши көчүрүлгөн. Учурда убактылуу ачылган пункттарда 41 киши бар, алардын сегизи балдар.

Бүгүн 29-июлга караган тунү да алты районду суу каптаган. Синоптиктер дагы тун ичинде катуу нөшөрлөп жаан жай турганын айтышууда.

Эске салсак, 25-июнь күнү башталган нөшөрдөн улам беш чоң дарыядан суу ташкындап, 42 миң калктуу 11 миң үйдү суу каптаган. Расмий маалымат боюнча, ташкында өлгөндөрдүн саны 25ке жеткен. Дайынсыз жоголгон жети киши изделүүдө.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *