Мезгил
Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов анын “Кыргызстан социал-демократтар партиясынан” чыгарылышы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.
Жыйында “Мен бул партияга көчөдөн келген жокмун. Мен партиянын идеяларын ишке ашырууга, мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келдим” деди Өмүркулов.
Ошондой эле ал партияга эч качан чыккынчылык кылбаганын билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган.
Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.
Булак: Мезгил Ньюс