Исаков: Атамбаевдин аскер адамдарын барымтага кармашы, террорчулук менен барабар

Мезгил

Атамбаев өз кызматын өтөп жаткан аскер адамдарын барымтага кармашы, террорчулук менен барабар деп баалады генерал Исмаил Исаков.

– Атамбаевди үч жолу күбө катары чакырышты. Бирок ал мыйзамга баш ийбей “Барбайм, керек болсо атышам, куралым бар” деп суракка келбей койду. Мурунку президент катары да, жөнөкөй жаран катары да мындай кадамга барганы туура эмес. Себеби, мыйзам баарыбызга бирдей иштейт. Өзүн жана мыйзамды, мурдагы кызматын сыйлап чакырууга барышы керек болчу – деди Исаков.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *