Исхак Масалиев: Шайлоого чейин 9% төмөндөтпөсөк, шайлоо болбой калышы мүмкүн

  Мезгил

Депутат Исхак Масалиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого өтүү босогосу 9%дан 3%га түшүрүү демилгесин  көтөрүп келген. Бирок кайсыл кара теке сүзгөнү белгисиз, бул демилгесинен кайра артка кайтканын айтып чыкты. Анын айтымында ал башка депутаттар менен кеңешип, эң эле орундуусу 5 пайыздык босого экенине токтолушуптур.

Ошондой эле Масалиев депутаттар босогону төрт тепкичке түшүрүүнү колдоп беришет деп үмүттөнөт.

“Депутаттар босогону төмөндөтүү керектигин түшүнүп калышты, 9% өтө турган тосмо эмес. Шайлоого бир жыл калганда шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү токтотулат деген норма жоюлган. Эми өзгөртүүлөрдү каалашынча киргизе берсек болот, керек болсо, 2020-жылдын күзүнө чейин 9 пайызды төмөндөтпөсөк, шайлоо болбой калышы мүмкүн”. – деген Исхак Масалиев.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *