Ишарат менен иш кылган депутаттар

 

Мезгил

Кечээ жакында Адахан Мадумаров менен депутат Бакыт Төрөбаевдин теле дебатында эки тараптуу сөз козголуп, талаш-талкуу болуп, дагы депутаттардын дарегине катуу сын айтылды. Сөздү чукугандай тапкан Адахан мырза жогорку кеңештин депутаттарына карата:

-Кээде сөздөн жаңылып төр ага баш болуп депутаттар чыдабай кетип чындыкты ачыкка чыгарып алып жатышат. Керек болсо азыр алар жогору жактын ишараты менен иш кылып “өз алдынча эч нерсени чече албай жатышат” деп айткан сөзүнө Бакыт мырза каршы чыккансыды бирок, канчалык коргонууга аракет кылганы менен кулак кубана тургандай сөз айта албады. Кеп жебеген Адахан мырза сөз арасында юристтерге да тийишип өттү “Азыр керек болсо юристтер дагы чайналып бүттү, калыс сөзүн айта алышпай. Бирок учуру келгенде кетирген күнөөлөрүн моюнга алышат”-  деп таасын айтты. Батукаевдин качырганда дагы юристтер менен депутатар өз вазыйпаларына ээ боло албаганы үчүн ушул чыр чыкты.

“Эгер ошол кезде депутат министрлер ошол эле сот, прокуратура кызматкерлери  ажо Атамбаевдин айтканы менен иш алып барышпай, мыйзамды туура аткарышкан болсо азыр мындай чыр болбойт эле” деп айткан сөзү дагы чындыктан белги бергенсийт. Айтылгандай  эле кызматта олтурган министрлер баш болуп, депутаттар төш болуп ишарат менен анан кирпикке карап иш кылып калышканы чынбы?- деген дагы суроо туулат.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *