Ишенбай Кадырбеков: “Атамбаевге мыйзам менен парламент “экс президент” статусун берген эмес, бербеген нерсени кантип алышты?”

Мезгил

Акыркы окуялар боюнча саясий кырдаалга баа берүү азырынча эртерээк. Кыргызстан өзүнчө арал эмес да. Дүйнөлүк системада жашап жаткандан кийин Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуяларга дүйнөлүк эксперттер да баа берип жатат. Кыргызстанды Сомалиге теңеп, чет өлкөдөн жардам берилиши керек дегендери өлкөбүздүн аброю төмөндөп кеткенин билдирет. Бул тууралуу коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков өз пикирин билдирди.

– Кыргызстан тууралуу ой-пикирлер экиге бөлүнүп калды. Биринчиси, Атамбаевди мыйзамга баш ийип, суракка баруусу керек болчу дешсе. Экинчиси, Атамбаевди террорист катары кармабай мыйзам менен кармап кетишсе болмок деп айтышууда. Бүгүнкү күнү көпчүлүк ушундай эки пикирге бөлүнүп калды. Эми чындык кайда экенин турмуш көрсөтөт.

Маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы “биз 5 варианттын эң жакшы варинатын колдондук” деп айтты. Эң жакшы вариантында жүздөгөн адам жабыркап, адам өлдү. Кандай гана операция, же бир ишти кароодо “кимдир бирөө жабыркап калбайбы?” деген суроолор каралат. Эмне үчүн Америка Түндүк Кореяга согуш баштабай жатат. Алар эсептеп “канча америкалык жабыркап калышы мүмкүн” деп токтоп турушат. Биздин мамлекет канча адам жабыркашын билип, Атамбаевдин даярданганын, жанында куралдар бар экенин, тегерегинде балдар, аялдар бар экенин эсептебестен өткөндөгүдөй операция жасагандарына таң калып жатам. Биз кайсы мамлекетте жашап жатабыз? Бир адамдын башына таш тийип калуусун да эсепке алышы керек болчу. Атамбаевди алып келиши, бир кишинин өлүмү, жүздөн ашык кишинин жабыркашына тетеби? Эсептеш керек эле… Карапайым калкыбыз менен эсептешпей өткөндөгү кырдаалга кабылганыбыз иренжитет – деди Кадырбеков.

Ошондой эле, президент болгон адам мамлекетке үлгү болушу керек. Суракка чакырылып жатса барышы керек эле. Бул чагымчылдыктын башталышы болуп жатпайбы. “Кол тийбестигим бар” деген шылтоо менен барбай коюну туура эмес экенин кошумчалады коомдук ишмер.

– Алты жыл президент болгондо канча адамдар камакка алынды, канчасы саясий куугунтукка дуушар болушту. “Мыйзам баарыбызга бирдей, жасаганыңарга жооп бергиле” деп жатты. Эми ошол сөзүнө аягына чейин турушу керек да. Бул жагынан Алмаз Шаршенович чоң ката кетирип, үлгү боло алган жок. Жасаган иштеринин баары саясатка байланып калган да.

Алмаз Атамбаевдин күндөн-күнгө аброю түшүп, үй камагына өзү эле түшүп алган. Ошондуктан, бүгүнкү бийлик болобу, же кечеки бийлик болобу мыйзамды сактабаса келечегибиз жок болот. Атамбаев “экс президентик наамым бар, Жогорку Кеңеш туура эмес алып койду” деп айтып жатат. Атамбаевдин “экс-президент” статусу бар беле? Конституция боюнча “экс президент” статусун парламент кабыл алат. Менин билишимче мыйзам менен парламент “экс президент” статусун берген эмес. Демек “экс президент” макамы берилген эмес, бербеген нерсени кантип алат? Мыйзамдын башында турган институт Жогорку Кеңеш конституцияны окуп койгонго, түшүнүп койгонго жараган жок. Атамбаевдин тегерегинде адвокаттар, юристтер айтышы керек эле. Президент болуп турган адам жок статусун шылтоолоп мыйзамга каршы турганы туура эмес. Ушундай мыйзам бузууларга барганда Кыргызстандын келечеги кандай болот? Бул нерсени Прокуратура, Жогорку Кеңеш, президенттик администрациясы тарабынан мыйзамды ачыкка көтөрүп чыккан адам болбой жатат – дейт Ишенбай Кадырбеков. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *