Исмаил Исаков: Атамбаев авантюристтик аракеттерге барып, жок кылганга аракет кылат

Мезгил

Атамбаев менен Жээнбеков мындан ары элдешүүгө барбайт. Мен Атамбаевдин мүнөзүн мен жакшы билем, ал Жээнбековго карата саясий басым жасаганга аракет кылат. Мындай пикирин генерал Исмаил Исаков «Марал» үналгысына билдирди.

Исмаил Исаковдун айтымында, эгерде Атамбаев менен Жээнбеков элдеше турган болсо, азыркы коррупциялык иштердин бети ачылбай калат. Бул бул нерсе азыркы президентге упай алып келбейт.

Азыр эки ажонун ортосунда тирешүү улана берет. Экөөнүн тиреши коомдун тынчтыгына таасирин бериши мүмкүн. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам чегинде иш алып барып жатат. Анын натыйжасында туура эмес иш жасагандардын кылмышы ачылууда. Атамбаевдин айланасындагы адамдардын көпчүлүгү жегендери эми чыгууда. Демек айланасындагы адамдар кандай болсо өзү да ошондой дегенди түшүндүрөт–деди Исмаил Исаков.

Ошондой эле генерал Атамбаевдин мүнөзүндө саясий авантюралык кадамдарга барууга шыгы бар экендигин, ошондуктан Атамбаев өлкөдөгү акыркы саясий окуялардын айынан улам саясий авантюристтик кадамдарга барышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

-Атамбаев  авантюристтик аракеттерге барып, жок кылганга аракет кылат. Муну анын мүнөзүн билген улам айтып жатамын. Анткени андай ишти жасоого шыгы бар,-деди Исмаил Исаков.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *