Исмаил Исаков: Революция Акаев Аксыда элди атып, Үзөңгү-Куушту кытайларга бергени үчүн болгон (видео)

Мезгил

Генерал  Исмаил Исаков  Аскар Акаевдин  “2005-жылы 24-мартта “Ала-Тоо” аянтында чогулгандардын көбү кылмышкер болчу деп эсептерин, ошол кездеги оппозиция криминалдарды колдонуп бийликти кулаткан” деген пикири менен макул эмес. Исмаил Исаковдун айтымында бул революцияны жалпы эл кылган.

Эске салсак, Аскар Акаев ББС радиосунун суроолоруна жооп берип   жатып “Ошол күнү эртең менен бөлмөмдөн карасам, чогулган 15 миңдей кишинин ичинен 10 миңден ашыгы негизинен криминалдар экен, көпчүлүгү спирттик ичимдик ичип алыптыр. Ошондо көп эле жардамчыларым “Аскар Акаевич, көрүп турасыз, 10 миңден ашык криминал экен. Криминалга каршы күч колдонбосо болбойт” деп айтышты. Көп өтпөй эле “Акаев күч колдонбосо, кечинде өзүбүз кан төгүп, бийликке шылтап коёбуз” деп жооп берген эле.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *