Мезгил
Алматыда жеке үйлөрдүн биринде ротвейлер тукумундагы эки ит өз кожоюунун эки жаштагы кызын талап өлтүрдү. Бул тууралуу Алматыдагы ветеринардык кызматынын маалыматына шилтеме берип, казакстандык ММКлар жазды.
Маалымдалгандай, кыз тез жардам кызматы келгенче каза болуп калган. Тез жардам кызматы жүргүзгөн иш чаралардын натыйжасында жаныбарлар Алматы шаарынын ветеринардык кызматынын кызматкерлери тарабынан иттер менен мышыкка арналган убактылуу камоо изоляторуна камалды. Азыркы убакытта окуянын чоо-жайы такталууда.
Ведмество бул окуядан кийин ит багуучуларга балдарын кароосуз калтырбоону өтүнүшүүдө.