Үй камагындагы Канат Исаев депутаттык ишин улантат

Мезгил.

Жогорку Кеңештин сессиясынын расмий ачылышына үй камагындагы депутат Канат Исаев да келди.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты “бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү” боюнча өткөн жылдын 30-сентябрында камакка алынган. Алгач бийликти басып алууга аракеттен деп шектелсе, андан кийин дагы бир кылмыш иши ачылып,  Токмок шаарында мэр болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп айыпталган.

УКМКнын тергөө  абагында 10 айдан ашуун кармалган депутат жакында, 18-июлда үй камагына чыгарылган. Бишкек шаардык соту ага карата ачылган “коррупция” беренесиндеги кылмыш ишин мөөнөтү өткөнүнө таянып токтоткон. Эл өкүлүнүн ийининдеги экинчи кылмыш иши -“Бийликти күч менен бсып алуга аракеттенүү” кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *