Көчө мушташта ыңгайлуу болгон “Кикбокс”

Мезгил

Бокстан бир аз өзгөчөлүгү менен гана айырмалангандыгы болбосо кикбокс кадимки бокстан чыккан деген кептер спорт менен алектенгендер ортосунда көп айтылып келет. Чындыгында бокска бут соккусун гана кошкондугу болбосо, атактуу спорттон айырмасы жоктой. Бирок, анын тарыхына токтолсок, кикбокс чыгыш эр мушташтарынан жан алгандай… 

“Кикбоксинг” англис тилинен которгондо (англисче kick – бут жана тебүү жана boxing – бокс) “бут менен сокку узаткан бокс” деген маанини берет. Кикбоксинг – чыгыш күрөштөрүнүн (каратэ, таеквондо, муай-тай ж. б.) жана англис боксунун негизинде түзүлгөн спорт түрү. эрежеси боюнча таймашта атаандашына багытталган кол жана буттун соккулары күчтү толук колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Бут жана иштөө ыкмалары чыгыш күрөштөрүнөн, ал эми колдуку бокстан алынган. Кикбоксинг машыгуучулардан өзгөчө кара күч даярдыгын талап кылат.

Аз убакыттын ичинде абройлуу болгон спорттун мекени болуп АКШ саналат. 1960-жылдын аягы 70-жылдардын башында Америкада чыгыш мушташ өнөрлөрүнүн негизинде ар түрдүү таймаштар уюштурула баштаган. Ар түрдүү мушташ өнөрлөрүнүн чеберлери табылып алардын ортосунда “Фул контакт карате” деген аталышка ээ болгон мелдештер уюштурулган.

1974-жылы “Фул контакт каратенин” расмий биринчи мелдеши өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталган. Ошондон тарта АКШда өткөрүлүп андан соң башка өлкөлөргө тараган. Америкалыктар бул мелдештерде бокс ыкмалары менен бут соккусунун жөнөкөй гана ыкмаларын колдонуп жеңиштерге жетишкен. Бара-бара бул таймаш америкалыктарда кикбокс деген аталышка ооп кеткен. 

Кээ бир маалыматтарда спорттун кикбокс деп аталып калышына Чак Норристин салымы бар экендиги жазылган. Кикбокс болуп жандангандан тарта анын эрежелеринде кол, бут менен согуунун баардык ыкмалары, чалуу, кармашуу, көтөрүп чабууга уруксат берилген. Мээлей кийгендиги гана болбосо эрежесиз мушташтан айырмасы жок калган кикбокска кайрадан эреже иштелип чыгып азыркы тартипке түшкөн. Ошондой эле сегиз(6) сокку эрежеси киргизилген. Бокстан жылдызы жанбай калган көпчүлүк америкалык мушкерлер кикбокска өтө калып, рингден кол менен сокку узатууну көп колдонуп, кикбокстун кызыгын кетире баштаганда сегиз сокку эрежеси жардамга келген.

Эрежеге жараша мушкер бир рандда бут менен сегиз сокку узатуусу каралган. Убакыттын өтүшү менен кикбокс ышкыбоздор жана профессионалдар ортосунда болуп экиге бөлүнгөн. Ышкыбоздор ортосунда таймаш үч раунд болсо, профессионалдар арасында он эки раундга чейин созулган. Чыгыш карателеринен келген Чак Норрис, Дон “Дракон” Уилсон, Бенни Уркидес аттуу кикбоксчулар спорттун бул түрүнүн өнүгүшүнө аябагандай эмгек жумшаган. Голливуддун тасмаларына тартылган спортчулар тасма аркылуу да кикбоксту пиарлоого жетишкен.

Учурдагы Кикбоксингде жети негизги багыт бар:

-лайт-контакт,

-семи-контакт,

-фул-контакт,

-лоукик,

-тай-Кикбоксинг,

-ошондой эле жакында эле пайда болгон жекече таймаш жана Кикбоксинг базасындагы аэробика.

Бүгүнкү күндө Кикбоксинг боюнча мелдештер бир нече уюм жана өткөрүлөт. Бул иш-чаралардын негиздөөчүсү – Эл аралык профессионалдык каратэ федерациясы (1968-ж. түзүлгөн). Кикбоксингдин ири уюму – WAKO (эл аралык Кикбоксинг уюмдарынын ассоциациясы). Ага 89 өлкө мүчө. Ал Кикбоксингди сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында мелдештерди өткөрүүдө. Профессионалдар арасында мелдештер эркин «хронологиялык схема» (профессионалдык бокста кабыл алынган рейтинг системасы) боюнча жүргүзүлөт. Ал боюнча спортчу таймаштарды өткөзүп, жеңишке жетишип, тийиштүү рейтингге ээ болгондо өзүнүн салмагы (мелдешти өткөргөн уюмдун аныктоосу) боюнча чемпиондукка талапкер катары саналат. Андан кийин талапкер бул салмактагы чемпион жана беттешет. Талапкер жеңишке жетишсе, ал жаңы чемпион аталат.

Кикбоксинг жабдыктарына бокс мээлейи, шыйрак жана таман калканчалары, спорттук туулга, капа (тиштерди сактоочу каражат), кызкелиндер үчүн төшүн коргоочу атайын кошумча калканчтар кирет.

Кикбоксинг сүйүүчүлөрдүн таймашы 2 миндан 3 раунд болот. Профессионалдардын рейтингдик таймашы 6–8 раунд, чемпион наамы үчүн 12 раунд өтөт.

Кыргызстанда Кикбоксинг 1990-жылдардын башынан өнүгө баштап, көптөгөн спорт клубдары ачылган. Анын өнүгүшүнө өзгөчө зор салым А. Воинов, Э. Исмаилов, Ж. Сапаков ж. б. кошкон. Дүйнөгө таанымал кыргызстандык спортчулар – Ш. Шадманов (Кыргызстандан алгачкы дүйнө чемпиону), Ж. Амантаев, М. Борбашев, Р. Абасов, А. Порсуков, А. Ибраев, К. Сыдыгалиев. Республиканын 1-чемпионаты 1996-жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *