“Көчмөндөр кагылышы”: Санжы-Сынчынын Болот баатырга жар тандаганы

Мезгил

“Көчмөндөр кагылышы” Качкынбай Осмоналиевдин калемине таандык көчмөн элдин көчмөн турмушунан кеп салган тарыхый табылгыс чыгармалардын бири. Тарыхы болбой эл болбойт дегендей бабаларыбыздын баскан жолунан кеп салган бул чыгарманы эч кимибиз унут калтырууга акыбыз жок. Анткени,  “Көчмөндөр кагылышы”тарыхый роман катары кийинки муундарга берүүчү нравалык сабагы арбын.

(уландысы)

Эл жыла жетип, жыты сиңген Жерине таман тирей баштады. Нарындын бир өрөөнүндө Тогузбай дегендин айылы турат. Уулу Болот Чүй тарапта калып, Маматкул ошол тугандарына байырлайт. Үркпөгөндүк кылып, жетиштүү. Маматкулдун аялынын суук оорусу кармап, абсыныкынан май суратат. Тогузбайдын аялы кабак чытып, силкинип коет:

-Бечаранын катыны бечарадай эле болбойбу. Май эмес, суу ичип эле тыңып кетсин!

Бул бир шылдың!

Кеч күз болуп, Тогузбай согум соет. Жөрөлгө боюнча алгачкы күнү конок чакырат. Маматкул төрдө. Тай казанда эт бышат. Чараларга додолоп, үй ээси табак жасайт. Абалды чучуктан кыя кесип ооз тийет да, экинчи кесип алып Маматкулга обдулат:

-Кана, Маке, оозуңду ач!

Макеси оозун ачат. Жетпейт:

-Бери болсоң -дейт.Бери болот.

-Дагы, -дейт. Дагы берилейт оозу ачылган неме жылып.

Жарыктык чоң ачсаң,- дейт. Жарыктыгы жаагын ансайын керет. Балапанына жем берчү куштай чукулдап калган Тогузбай мурдун чүйрүп атайы бурулат:

-Аахииий! Оозуң аюунукунан да сасык тура!

Бул экинчи шылдың.

Айылдагылар таруу эгип, кышы менен жоро ичишет экен. Макеңде эмненин шагы. Чекеге бүткөн кара өгүзүн жайдак минип, жоро берген жерге салам айтып түшүп, курсак тойгузмай. Бир барат. Эки барат. Үч барат. Төртүнчү кезекте кар сампарлап элеп турат. Бозочул Макең карга карайбы. Ийрилген иттей чоң тебетейчен неме кара өгүздүн чүлүгүн каңтарып, бышылдатып-күшүлдөтүп мурдун жалантып жетет. Ит үрөт. Бирөө чыгып, кайра кирет. Боз үй ичинде күжүлдөгөн сөз, ыкшыган күлкү дана угулат.

-Ким экен?

-Маматкул эмес эле Мээнеткулга жолуккан турбайбызбы! Жок дегенде бир сапаркысынан кур калса боло жоронун.

-Хо-хо-хо.

-Ха-ха-ха.

Кайра тартууга болбой калды. Маматкул түнөрүп үйгө кирди. Босогого жүйүртө басты. Анын төбөсүндөгү додо карды көрүп, төрдөгү бирөө:

-Тебетейиңизди силкиңиз?-деди. Керме аяк бозону шып тартып ийген Маматкул чыгып баратып, жооп берди:

-Силкишер убакта, силкишербиз!

Уккан неме уулу Болотко жетпей, Кулжыгач бегине кайрылат. Алар элди баш коштурууга жараган Болоттун атасын шылдыңдашканы үчүн тоорук алышат:

-Айыл аты Тогузбай экен. Тогуз кап таруу, тогуз кой, тогуз жылкы айып тартсын.

Буйрук аткарылат. Олжо Маматкулга берилет.

Качыке ошону эске салды.

***

Мейман алдыларына дасторкон жайылып, кымыз сунулду. Ниязбектин жанараак чакыр дегени уулу Ормон экен. Ал чычырканак жөөлөгөн жаш атандай эшиктен ийинин салып, эңкейе кирип келди. Кирпиктүү алагай көз, эрини калбыйган, мурундуу…

Кыргыз, көп учурда адам сынаганда буурадай саны болсо, буртуйган булчуңу болсо болду, ал ат үстүнөн алга балбан, жоого найза сундурар эр атанат. Көптү көргөн карыялар, акыл тапкан ойчулдар жоо качырар күчтүүнү туу кылып көтөрүп, журт башына коюп, жол баштатат эзелтен.

Зоңкойгон Ормон Качыке сынына толгондой: Ниязбек башка балдарынан ортончусу ушуну жакшы көрүп, карыганда анын колунда багылганы ата ыкласына түшкөндүр? Абалы бала көпчүлүк алкоосуна алынаар…

…Бу атага жаккан Ормон баралына келгенде Эсенкул баатырдан кем согоор көрүнбөгөндүгүн бекер айтып жүрүшпөгөн сыяктанат, чоочундар?-деп ойлойт.

***

Эсенкул демекчи. Мезгилинде эл ичинен Санжы-сынчы деген чыгыптыр. Ал бийикте туруп жер сыначу экен да, мандайына алып эр сыначу экен. Ошол адам Кароол-Ташка отуруп Түштүк аймагын айтыптыр:

-Кыздары кыя баспаган,

Келини жүзүн ачпаган,

Жыгачынан май аккан,

Жыбытынан суу аккан,

Карысы карап турбаган,

Жигити иште муңбаган,

Дарагы мөмө байлаган,

Жемишин жеген адамы,

Сексенге чыкса карбаган,

Келсе, баргыс,

Барса келгис жер экен.

Сары-Өзөн Чүйдү:

Күрөгү күмүш,

Кетмени алтын,

Дан чачкан пенде сүйүнгөн,

Кызылы кырдай үйүлгөн,

Ачынып келген тоюнган,

Арыктап келген семирген,

Бечара менен карыпка,

Бейкуттук болчу жер экен.

Кызыл-Арт ашуусунда туруп, өрөөнүн сыдыра Кабак тоолорун айтат:

-Кумкайрак деген жер экен,

Куукумпай деген эл экен.

Баркын билсе,

Көмүркөй толгон көп алтын,

Билбесе

Атаны кокуй наалат күн!

Наманган улугу аркылуу элди чогулткан Болот Санжы-Сынчыга жолугат. Кыраан уруктанбы? Жатынданбы? Деген суроо козголот имиш. Анда Санжы-Сынчы:

Экөөнөн тең. Кай күчтүүсү өз тарабына тартар. Ошондой болсо да, деп эринин жалап көзүн чекчейтет,-урук атылган ок. Ок ташка да тийет, чөпкө да тийет. Маани жатында. Башталган түйүлдүк тогуз ай ошол уяда жатат. Ошондо кыбырап, ошондо өсөт.

КӨЧМӨНДӨР КАГЫЛЫШЫ: Качыке баатыр менен Ниязбек бийдин жолугушуусу Андай болсо өзүңүз сындап аял алып бериңиз. Тукумдарым эл бийлегендей, эл керегине жарагыдай болсун. Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган азаматтын талабы жерде калмакбы? Элди жапырт көчүрүп, жалгыз аяк жолго салып, чубатып, Санжы-сынчы Болотту жанына алып, жол боюна отурат. Келберсиген келин өтөт. Үкү сайынган кыз өтөт. Бети албырган кызылдуу өтөт. Алагай көз акмаңдай өтөт. Кетик мурун кара тору өтөт. Чап жаак өтөт. Адырайган чаар өтөт. Эртең менен чубаган көч кеч бешимде арты үзүлөт. Ташмолодой Санжы-сынчы көз ирмебейт. Мүйүз чакчаны өтүк тумшугуна тык-тык уруп, эринине наспай экчеп, үн катпайт.

Тээ көч арты, шалдыраган уук-кереге артып, ышталып бүткөн үзүк-туурдук жаап, токол көк уй жетелеген узун келин. Келиндин ак жоолугу желкесине жылып, тердеген. Кумгандай эки эмчеги көк көйнөктүн ичинде балтактап, багелеги маасы кончуна түшө балбырайт. Кыр мурдунун үстүндө чаары бар. Жашы жыйырма бештерде. Өзү эри өлгөн жесир. Аркалаары жок, байда казанчы. Аты Таанаке. Бакылдап сүйлөгөн, кулунду козуча кармап, козуча байлаган, эркек мүнөздүү болгондуктан айылдагылар аны «Таанаке таркылдак» деп аташа турган.

Таанаке тиги сокудай боло жолго чукул олтурган эркектерди көрүп, жоолугун түздөп, чачын жымырды. Кайран бабаң, Санжы-Сынчы кембагал Таанакени жигиттин койнуна салып, жесир таалайын ачкысы келдиби? Же чын эле, касиеттүү «айтып берүүчүлөрү» көрдүбү айтор, ордунан тура калды:

Ушуну ал, баатыр!

-Ок! Болот чок баскандай ыргыйт,-эртеден берки сан кыз-келинден сыныңа толгону чаар катын болдубу, сынчым?

-Башы чайкаба!-деп сөзгө кармайт көрөгөч,-жөө басып чарчап, дени чоюлуп, табарсыгы толуптур. Бизден узап, кырды ашып, заара кылат. Мына ошол жерде айтам.

 Көптө экөө аял изине келишет. Нымдалган жерди көрүшөт: жер оюла, бетеге саргарган.

-Көрдүңбү?-Санжы-Сынчы камчысын сунат,-заары уу. Уу чыккан жерден шакардай кайнаган, азууга салып таш чайнаган балдар туулат,-калпактын маңдайын көтөрүп, жука тери, ачуусу чукул «сары» туулат. Өзүнүн малын өзүнөн аяган «зыкым» туулат. Күлбөгөн «кырс» туулат. Ичсе тойбос, куйса толбос «соргок» туулат. Мындан, серпкенин алган темир текөөр «бүркүт» туулат,-Анан «ат качырбас боз айгыр» туулат.

 «Бүркүт» менен «боз айгырды» айтканда Болот жибийт. Таанакеге нике кыйылат. Болот бооруна баскан Таанаке жылына бала артынан бала чууртат… Балдары бой тартат. Үйлөнүп, өз чөлкөмүнүн булуң-бурчуна таралат. Бир койдун этин бир жеп, чанач кымызды дем албай шимирип койчу соргоктор, конок келатса кайнаган казанын жаап, отун өчүрө койчу «закымдар», күлкүнү сүйбөчү кырстар көп эле айылдан чыгат. Бирок, сынчы айткан «Бүркүт» менен «ат качырбас боз айгыр» күттүрөт. Ошентип, зарыктырып, күттүрүп жүрүп Эсенкул көзгө көрүнөт. Анын бою асый атандын өркөчү менен барабар зор болгон экен. Ата конушуна келген кыргыздар күтүрөгөн жылкылуу, жайнаган койлуу, жар таштай төөлүү болуп, байый баштаганда карыялар сакал жайкап, дөбөгө отуруп, жаштары найза уруп, кылыч шилтеп, өнө өөрчүткөндө, Эсенкул үч жүз жигит менен өч алууга жоого аттанат. Тарагай деген жерден айыл чаап, жылкы тиет. Жунгарлар көп кол болуп артынан кууйт. Иленин күн чыгыш тоосунда катуу салгылашуу болот. Эки тараптан тең эрлер өлөт. Жаралуу иниси душмандардын арасында калганда, Эсенкул белек уруусунун Итала деген күлүгүн которуп минип, чаап кирип, инисин эңип алып, качып кутулган экен. Ошондо ал «Бүркүт» атанган.

 Көз байлана тандалган жүз жигит чер аралап буктурмага бекинет. Чабышууга жарабагандар менен жарадарларды качырган болот. Жоо кууп жөнөгөндө артынан толгой каптап, кырат. Эсенкулдар тараптан отуз жети, тигилерден үч жүз жетимиш адам өлгөн дешет. Тирүү калгандарды куугунга алышып, айылына баса кийришип, жыйырмадан ашуун сулуу кыз-келин, толгон мал менен кайтышат. Туткунга келген кыздардын бирине Олжобай деген үйлөнгөн. Ал кыз кийин кошокчу чыгат. Эсенкул баатыр өлгөндө кошкон дешет:

Октон кайра тартпастан-

Ойрот менен кыйрашып

Кош өркөчтөн жүздү алган,

Коймол көзкелин-кызды алган,

Ажал чиркин-аткан ок,

Акыры сокту бу жалган!

«Бүркүтү» Эсенкул баатыр болгон экен-деп күбүрөгөн Качыке Ормонго тигиле тиктеди. Ал ансайын ыңгыранып, бейкам. Тек, салт үчүн гана меймандар менен кол алышты да, атадан ылдыйыраак, чоң бутун алдына батыра албай лап отурду. Качыке: «сыпаа эмес, оройбу?-деп ойлойт, -эр энөө келет. Кагыла электигиби? А, жанагы, «Ат качырбас боз айгыр» ушул болуп жүрбөсүн?!»

Уландысы бар

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *