Мезгил
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чет өлкөлүк эксперттер 2018-жылдын маанилүү окуяларынын бири катары белгиледи. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков ири турнир ийгиликтүү аяктаганын жана масштабдуу иш-чара кыргыз элин, жерин башка мамлекеттерге таанытуу боюнча максатына жеткенин белгиледи.
Эске салсак, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көл жээгинде өттү. Ага 70 миңден ашык чет элдик туристтер, 74 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчулар келди. Кийинки оюндарды өткөрүү кезеги Түркияга салтанаттуу өткөрүлүп берилди.
Булак: Мезгил Ньюс