Мезгил
Бүгүн, 7-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазып бергени боюнча айтылган. Бирок, жабырлануучунун жактоочусу жабыркаган келин Сатина Бабаканова аны кечирген тосмо арызынан кайра баш тартып жаткандыгын айтты.
«Түрдүү телефон номерлерден чалып, өлтүрүп кетүү, ден соолугуна зыян келтирүү жөнүндө опузалар болгон экен. Бирок ал өз арызынан баш тартып жатат, «колдобойм, мыйзам чегинде жоопко тартылсын» деп жатат. Арызды Сатинанын атасы жазган экен», -дейт адвокат.
Эске салсак, жылдын башында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Учурда келиндин күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.
Мезгил ньюс