Көк бөрү: Россиянын субъекттеринде көк бөрү федерациялары ачылат

Мезгил

Россиянын субъекттеринде көк бөрү федерацияларын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Россиядагы Ат оюндары федерациясынын өкүлү Нурбек Курманалиев билдирди.

Анын айтымында элибиздин улуттук оюндарын дүйнө жүзүнө жайылтып, өнүктүрүү максатында Россиянын субъекттеринде көк бөрү федерацияларын ачууга басым жасап жатышат.

Эске салсак, ушул жылдын  24-февраль күнү Москва шаарындагы ипподромдо өткөн көк бөрү оюнуна 10 миӊден ашык көрүүчү келип ат майданында бош орун калган эмес. Бул мелдешти мекендешибиз Нурбек Курманалиев уюштурган. Ал эми бул оюнда төрт команда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустарынын командалары күч сынашкан. Бул оюндар үчүн аттардын баары Кыргызстандан алып барылган.

Москвада кыргыз диаспорасында облус-райондор боюнча түзүлгөн мигрант улакчылардын 14 командасы бар

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *