Көңүл айтуу: “Ата-Журт” партиясы Курманбек Осмоновго терең кайгыруу менен көңүл айтат

Мезгил

“Ата-Журт” саясый партиясы Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, Жогорку соттун мурунку төрагасы Осмонов Курманбек Эргешовичке жубайы Чымбаева Жакин Жумабековнанын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Оор жоготуу. Орду толгус жоготуу. Кайгыдан кабыргабыз кайышып турат. Чымбаева Жакин Жумабековна бийик адамгерчиликтүү, эмгекчил, боорукер жана өз ишине берилген адис, тажрыйбалуу юрист болчу. Ал кыргыз элинин билимдүү, кесипкөй  кызы, элибиздин белгилүү уулу Курманбек Эргешовичтин өмүрлүк жубайы эле. Жакин Жумабековна жолдошу менен бирге кесиптеш болуп, юридика тармагында узак жылдар иштеп, мамлекетке ак кызматын өтөдү.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга үлгү, сабак болот.

Курманбек Эргешович, жубайыңыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз.

Ахматбек Келдибеков,

Камчыбек Ташиев,

Надира Нарматова,

Нариман Түлеев,

Камила Талиева,

Равшан Сабиров,

Токтомурат Сатаров,

Жаныбек Бекназаров,

Курманкул Зулушев,

Медербек Сатыев

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *