Күмөн ойду жараткан эки жыл: Жеңиш Разаков тажик чалгынчысыбы?

Мезгил

2016-жылы декабрь айынын башында орус басылмалары менен тажик оппозициялык маалыматтык агенттиги төбө чачты тик тургузган кабар менен бөлүшө башташкан. 

Мисалы, ошол убакта «Бирдиктүү Таджикистан» элдик кыймылынын журналисти Шабнами Собири e-tadjikistan.org маалымат порталына төмөнкүдөй билдирүү калтырган. “Тажикстандын бийлиги ишенип жаткан УКМКсынын башчысы генерал-лейтенант Ятимов Саймумин Кыргызстан дын вице премьер министри Жеңиш Раззаков менен тыгыз иш алып барып жатышы, Жеңиш Раззаков тажик чекисттеринин Кыргызстандагы агенти. Эч пайда келтирбеген Жеңиш Раззаков үчүн тажик бийлиги бир канча акчаларды төлөп берүүдө” деп жазып чыккан.

2000-жылы Таджикстандын Согд областы боюнча Мирзоев Зоир аттуу полковник Баткен областы боюнча Жеңишбек Раззковду тапкан. 2000-2010жылдар аралыгында тажиктерге берилүү менен кызмат кылып, тыңчылык кылып келген 2011-жылы тажик УКМКсынын чечими менен Раззаковду бийликке аралаштыруу процессин баштап ага 50 миң доллар берүү менен Баткен областынын ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп келген. Андан ары алдын ала иштетилген план боюнча 200 миң долларды Президенттин жакындарынын бирине берип вице премьер министрдин ордуна келгендиги жазылган.

Мындай ылдам секирик менен жогорку даражадагы орунга келип отурган Жеңиш Раззаков тажик-кыргыз чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдө чоң роль ойноп, Тажикстандын коопсуздук кызматынын үмүтүн актайт деген ой менен, иштешиши толук мүмкүнбү деген суроого Кыргызстандын УКМКсы териштирүү болмоюнча эч кандай пикир билдире албасын айткан. Бирок тажик мамлекетинин чалгынчылары акырындык менен Жеңиш Раззаковду мындан дагы өйдө жогорку даражадагы кызматтык орундарга алып келүүнү максат кылып жаткандыгы, жана ошону менен бирге эле Раззаковго пайдасыз акча төлөнүп жатканын жазып чыккан басылмаларга, “унчукпоонун өзү макулдукту билдирет” дегендей  убагында  вице премьер-министр үн дагы каткан эмес.

Арадан эки жарым жыл өткөндөн кийин Баткен облсундагы тажик-кыргыз чек арасында кайрадан чыр чыкандан кийин эл Жеӊиш Разаковго ишенбестигин айтып, соцсеттерде кайрадан эски макалалар калкып чыккандан кийин гана депутаттар Разаковдун тегерегиндеги кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүштү.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтөөнү парламент депутаттарынын талабынан кийин башталгандыгын билдирди.

Эки жыл. Айтканга оӊой. Бирок, коомчулукту күдүк ойго салган маалыматтар эки жыл ичинде кимдерге гана таркаган жок! Коомчулукта Разаковго карата ишенбөөчүлүк жетер жерине жеткенин кечээги чек арада чыккан чырдан кийин да байкасак болот. Качан гана эл өкүлдөрү бул маселени Жогорку Кеӊештин тирбунасынан көтөргөндо гана кашаӊ аттай  Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган, ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат жалган болуп саналарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирди.

Анда, Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда деп айтылат.

Мына ушул сөздү айтыш үчүн өкмөткө эки жыл керек болду. Ал эми эки жылдын ичинде “Жеӊиш Разаков тажик чалгынчысы” деген маалымат коомчулукка сиӊип бүттү…

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *