“Күмүш Акбузат” эл аралык фестивалына кыргыз тасмалары да катышат

 

Мезгил

Башкортостан мамлекетинде өтө турган “Күмүш Акбузат” эл аралык фестивалына биздин мамлекеттен төрт тасма катышат. Бул тууралуу Кыргызтандын Киноматографияны өнүктүрүү фондунан билдиришкен. Боло турчу фестиваль 24-27-августарда Башкоростан Республикасынын борбору Уфа шаарында өтөт. Ага Россиянын 10 субьектисинен жана 10 өлкөдөн 48 тасма катышат.

Алталган фестивалга  режиссер Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө коюлат.  Ал эми Бекзат Пирматовдун “Аврора”, Азамат Шаршеновдун “Жашоо керемет” жана Ибадылла Ажыбаевдин “Мугалим” тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *