Күн сайын жуунуу бат картаюууга алып келет

Мезгил

Күн сайын жуунуу – пайдага алып келбейт.

Бардык нерсенин алтын ортосу жакшы, башкача айтканда бардык нерсе тең салмакта болуусу керек. Табият тең салмактуулукка умтулат – деген сөздү уктуңуз беле? Адам организминде деле ошондой, баарыбыз табияттын балдарыбыз. Адистердин айтымында, самындап көп жуунуу  болбойт. Анткени, биз терибизди инфекциялардан жана эрте картаюуудан коргоочу май катмарынан арылып калат экенбиз. Денени жумасына 1-2 жолу самындап жууп коюу жетиштүү дешет адистер. 

 Жарым саатан ашык күнгө күйбөңүз

Андан ашык күнгө күйүүнүн эмне кереги бар? Тери ачышып, кызарып, туурулуп түшүүсүн каалайсызбы? Медициналык жактан мындай күнгө күйүү таптакыр сунушталбайт. Айтмакчы, күнгө күйүү алдында Е витаминин кабыл алуу абзел, анткени ультрафиолет нурларынын таасири алдында тери дээрлик тез картаят. Кулактын артындагы терини карап көргүлөчү: ал жактагы тери 10-15 жылга жаш көрүнөт, анткени күн нурлары ал жакка өтө сейрек жетет.

 Сууну бир нече жолу кайнатпаңыз

  Сууну кайнатканда ал өзүнүн касиеттерин жоготот, жана канчалык көп кайнатылса, ошончолук организмге зыян алып келет. Идеалдуу жагдайда суусуну кайнатпай, максималдуу денгээлде тазалоочу фильтрлерди колдонуу жакшы. Албетте, тазаланбаган сууну ичүү такыр болбойт.  Организм сууну толук кандуу алып туруусу үчүн күнүнө жок дегенде 2 литр суу ичүү керек. Андан ашык кабыл алуу да болбойт! Антпесе, суу организмдеги зыяндуу нерселерден тазалабастан, пайдалуу заттарды дагы кетире баштайт. Гипергидратация дарты сууну ашыкча кабыл алуудан пайда болот. Сууну канча ичүү керектигин тагыраак айтсак, 1 килограмм салмакка 30 мл суу. Мисалы, эгер сиз 70 килограмм салмакта болсоңуз, 2 литр суу ичиңиз, 80 килограмм салмакта 2,5 литр керектелет.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *