Күндүн нуру денеге күч-кубат, энергия берип, маанайды көтөрөт

Мезгил

Күнгө күйүү үчүн туура убакыт тандап алуу маанилүү. Эртең мененки саат 9дан 11ге чейин жана түштөн кийин 16дан 19га чейин күнгө күйүү пайдалуу. Күнгө күйүү 2 сааттан ашпашы зарыл. Биринчи күнү күнгө көп күйүүгө болбойт, себеби денеде аллергия пайда болушу мүмкүн. Алгач күнгө чыгып күйүүнү 5 мүнөттөн баштап, эртеси 10 мүнөткө узартып, андан соң 2 саатка жеткирүү керек. Андыктан биринчи жолкусунда колуңузду, анан бутуңузду күнгө кактаңыз.

Күн нурунун пайдалуулугу

Күндүн нуру денеге күч-кубат, энергия берип, маанайды көтөрөт. 
Чарчоодон, алсыроодон арылтат. 
Гемоглобинди жогорулатат организмди D витамини менен камсыз кылат. 
Сөөккө пайдасын тийгизип, денедеги фосфордун, кальцийдин алмашууларын жакшыртат. 
Күндүн нуру териге аны жабыркатуучу зыяндуу заттарды жолотпойт.
Инфекциядан, аллергиядан сактайт. 
Тынч уктоого жардам берет.
Кышкы сасык тумоонун алдын алат. 

 

Күнгө күйүү режимин туура сактабаса, организм өтө ысып, күн өтүп, дерматит же тери күйүп кетиши мүмкүн. Тери күйүп кеткенде, анын айрым жерлери кызарып, бир аз шишип чыгат. Чыйрыгып температура көтөрүлөт, баш ооруп, жүрөк айланат.

Күнгө күйүүгө тыюу салынган себептер

Онкологиялык ооруга чалдыккандар.

Кош бойлуу айымдар.

5 жашка чейинки балдар.
Варикоз менен жабыркагандар.Рак, жүрөк оорусу жана кургак учук менен ооругандар.

Терисинен жараат алгандар.  

Бетинде сепкили барлар.
Биринчи типтеги терилүүлөр.

Күнгө катуу күйүп калган учурда кандай ыкмаларды колдонуу керек

Күнгө күйүп калгандарга самын колдонууга болбойт

Күнгө күйүп калсаңыз дароо муздак сууга жуунуңуз.

Алоэ вера, мята, ментолдун ширелери -эң мыкты каражат.

Күнгө катуу күйгөндө алоэ веранын ширеси эн мыкты каражат болуп саналат. Ал терини эс алдырып, ооруну басаңдатат.

Мята жана ментол дагы дароо терини муздатат.

Күйүккө каршы спрей колдонуңуз.

Эгерде күйүк жеңил болсо муз дагы жакшы жардам берет.

Зайтун майы, чийки картошка дагы күйүккө мыкта дары.

 Күндөн коргоонуучу кремдердин таасири

Күнгө күйүүдөн коргоочу лосьондор менен кремдердин жардамы болбой жатканын көчүлук айтып келишет. Бул туурасында “King’s College” окумуштуулары лосьондорду адамдар туура эмес колдоноорун айтышкан. Күндөн коргоочу SPF 15 колдонуу күндүн терс таасиринен коргоо үчүн жетиштүү. Ал эми коопсуздук максатында SPF 30 же SPF 50нү колдонгон оң. Профессор Энтони Янгтын билдирүүсү боюнча, 50 коэффициенти бар лосьондор керектүү коргонуунун 40 пайызын бере алаарын билдирген.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *