Сауд Арабиядагы фестивалда кыргызстандыктар конокторду таңкалтырууда (фото)

  Мезгил

Кыргызстандыктар Сауд Арабиядагы «Саmel Fest» маданий иш-чарасында келген коноктордун кызыгуусун артырууда.

 9-мартта Кыргызстандан барган топ «Көчмөндөр ааламы» деп аталган этно өнөрдү тартуулашты. Бул тууралуу Көкбөрү федерациясынын өкүлү Жыргалбек Саматов  билдирди.  Саmel Fest» фестивалы 9-23-мартка чейин уланат.

Ага катышкан 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөр тартуулашат. Иш-чарага катышуу үчүн кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнүп, 15 гектар жер ажыратылганы кабарланган. Келген коноктор «Көчмөндөр ааламы» деп аталган этно өнөрдү жогору баалап кызыгышууда. Көз жоосун алган этно шаарчаны төмөнкү сүрөттөрдөн да көрө аласыз.

 

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *