Футбол: Кабатырланбаңыз. Кыргызстан менен Япониянын беттеши күйөрмандардын катышуусу менен өтөт

Мезгил

Бишкекте Кыргыз өлкөсүнүн Япония жана Тажикстан менен боло турган оюндар көрүүчүлөр менен өтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдирди.

 Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Мьянма курамаларынын беттешинде күйөрман оюн талаасына чуркап чыккан. Мындан улам ФИФА жыйналыш өткөрүп, бул боюнча чечим чыгараарын  айткан.

Ал эми Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин алдыдагы оюндар   күйөрмандарсыз өтүп калаарын же айып салынаарын айткан.  

 Кыргыз өлкөсү Япония менен 14-ноябрда жана Тажикстан менен 19-ноябрда ойнойт.

Эске салсак, 10-октябрда дүйнө чемпионатынын тандоо этабынын Бишкекте өткөн Кыргызстн-Мьянма беттешинде күйөрман оюн талаасына чуркап чыккан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *