Кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын балбандары катышат

Мезгил

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндердин күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын балбандары катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Грек-рим боюнча мелдеш 29-июлдан 4-августка чейин Болгариянын София шаарында өтөт.

Кыргызстандан жалпы 25 балбан катышат. Алардын сегизи кыздар.

Спортчулардын аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциядан 1 миллион 352 миң сом бөлүнгөн.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *