Кадыр Кошалиев Солтон-Сары боюнча: Шымына чалынган Парламент бир нерсени өз алдынча чечерине ишенбейм

    Мезгил.

Кечээ, 5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, андан  отуздан ашык киши жаракат алганы айтылды.

Ал эми бул жаңжал боюнча биринчи вице-премьер-министр Боронов менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти.  Мындай кырдаалда эс алуудагы Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу керекпи? Биздин бул сурообузга коомдук ишмер Кадыр Кошалиев мындай дейт:

Быйыл жайкысын аябай ысык болуп жатат. Саясаттын быйылкы күзү андан да ысык болот окшоп калды. Чечүүнү талап кылган, чечилбей келе жаткан ого эле көп маселелер бар. Эми ага Солтон-Сары кошулду. Чогулса, маселени талкуулап калыс жыйынтык чыгарса албетте жакшы болмок. Ай, бул айдама, шымына чалынган Парламент бир нерсени өз алдынча чечерине ишенбейм. Ал эми 21-августта  Ат- Башынын Чеч-Дөбөдөсүндө “Кыргыз жолу” коому жана кыргыз уруулары тарабынан  элдик кеңешме өтөт.  Ошол жерде ар кандай түйндүү маселелер көтөрүлөт окшоп калды -деди коомдук ишмер Кадыр Кошалиев. 

 Ошондой эле “Нарындагы Солтон-Сары кенин иштеткен кытайлык компанияга кетирген чыгымын төлөп берип, тынч эле кетиргиле” деген пикирин журналист Семетей Талас уулу да өз баракчасына билдирген.

Семетей Талас уулу журналист: Ал кагылыш 3-революцияга алып барышы мүмкүн

– Эгерде кытайларды кууп чыккан элди камай баштасаңар анда өлкөдө чоң чатак чыгат. Ал кагылыш 3-революцияга алып барышы мүмкүн. Акыл калчап иш кылгыла. Абал силердин кошоматчыларыңар жеткирип жаткандан да оор. Андан сырткары кытай компаниясы жаңыдан гана казып башташкан болчу. Имараттары салына элек. Барган эл техникаларын өрттөп ийген жок. Жакшынакай айдап түшүштү. Кытайларды деле балжа-булжа сабашпады. Андыктан Кытай өлкөсүнө кошоматчылык кылам деп өз элиңди кордобо- деди Семетей Талас уулу.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *