Кадыров: Мамлекеттик кызматты достукка алмаштырбаш керек

Мезгил

Түбөлүктүү дос да жок, түбөлүктүү кас да жок, кызыкчылыктар гана бар демекчи, мурунку жана азыркы президенттердин кызыкчылыгынан улам бүгүнкү күндүн саясий абалы калыптанган өңдөнөт. Башында Атамбаев менен Жээнбеков дос эле,  кийин касташканга өтүшүп, акырында жеке кызыкчылыктар күч алган сыяктанат.

Мындан улам, достуктун аягы кастыкка алып келдиби же жеке кызыкчылыктар күч алуудабы? деген суроону Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты Кубанычбек Кадыровго узаттык.

– Кыргызда жакшы сөз бар “дос жүз жылдык, куда миң жылдык” деген, бирок жашоодо достуктан да бийик турган нерселер бар. Жеке кызыкчылыктан да, достуктан да мамлекеттүүлүк башкы орунда турат. Ал эми Сократтын айтканы бар “Платон мой друг – но истина дороже” дегендей, Мамлекеттик кызматты достукка алмаштырбаш керек. Сооронбай Шарипович абдан туура кылды эли- журтту тандады, мамлекетти бийик койду. Себеби мамлекеттин коопсуздугун, өлкөнүн өнүгүшүн, экономиканын өсүшүн, элдин жашоосун жакшы жакка буруусуна Президент жоопкерчиликти алган соң, жеке кызыкчылык, досчулук деген нерселер болбошу зарыл. Дос айрылат – сөөк кайрылат демекчи, Мамлекеттик кызыкчылык достуктан ойдо турат – деди Кубанычбек Кадыров.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 24-ноябрында Мамлекеттик резиденцияда президент Сооронбай Жээнбековго мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум!” деген ыры менен каалоо-тилегин айткан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *