Кайгуул милиция башкармалыгы кызматкерлерди чакырат

   Мезгил

Бишкек шаарынын Кайгуул милиция башкармалыгына кызматкерлер кабыл алынууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  

Маалым болгондой, каалоочулар 14-ноябрга чейин Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов көчөсү 1а дарегине кайрылса болот.

Сынакка Кыргызстандын жарандары катыша алат. Негизги талаптары — катардагы кызматкердин курагы 19дан 30 жашка чейин,

ал эми офицерликке 21ден 35 жашка чейин болушу шарт. Айдоочулук күбөлүк, аскердик билети болуп, мурда соттолбогон болуш керек.

Офицердик кызматтагылар жогорку билимдүү болушу шарт, ал эми катардагы кызматкерлер орто билими менен алына берет.

Кошумча суроолор жаралса (0312) 63-02-53 номуруна чалса болот.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *