Кайсы ырчы курулуш компаниясын башкарууда?

Мезгил.

Бишкектеги курулуш компаниялары курулуш жаатынан түшүнүгү жок адамдардын башкаруусунда болуп жатканы өкүнүчтүү. Эч кандай так эсеп жок эле, ойлоруна келгендей куруп жатышат.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги мектептердин жетишпей жатканы боюнча  пикирин билдирди.

“Жаңы окуу жылынын башталышы менен бул маселе дагы бир жолу өзүнүн бар экенин эске салды”, – деген депутат  айрым мектептерде окуучулар ашып кетсе, кээ бирлери толбой калганын белгиледи. Ошондой эле, мындай пропорцияланышпаган көйгөйдүн пайда болушуна курулуш компанияларын айыптады.

“Кээ бир мектептерде бир класста 50дөн окуучу отурса, айрымдарында 30 чакты болуптур. Бул тең салмактуулук сакталбай калды дегенди түшүндүрөт. Эмнеге мындай болуп жатат? Менин оюмча, Бишкекте чачыранды, плансыз түшүп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн кесепети болууда. Жеке менчик курулуш компаниялары борбордогу жер үйлөрдүн бешөөсүн сатып алып, тогуз кабат заңкайган үй куруп салат. Бирок, алар ошол үйдүн болочок жашоочулары балдарын кайсы мектепке окутат, кайсы ооруканага катталышат – ойлонушпайт. Мындай эсеп аларда жок”,  деди Дастан Бекешев.

Ал жеке курулуш компанияларына карата мыйзам кабыл алыш керектигин сунуштады.

“Жеке курулуш компаниялар ишин баштаганда фонд ачышы керек. Ошол фонддон каражат алып мектеп курулушу зарыл. Болбосо, керектүү мектептердин баарын курууга мамлекеттин чамасы жетпейт. Көп кабаттуу үйлөрдү ойлонбой салгандар батирлерди кымбатка сатып жатышпайбы. Ага жараша болочок жашоочулардын да шартын кароону үйрөнүшсүн. Азыр жада калса ырчылар да курулуш компанияларын ачып алышыптыр. Бул жаат профессионал эместердин колуна түштү”, – деди депутат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *