Кайталангыс талант Сабира Күмүшалиева

Мезгил

Кыргыз тасмаларын, театрын Сабира Күмүшалиевасыз элестетүү кыйын. Бул табигый талант ээси киного, театрга бүт өмүрүн арнаган. Кыргыз Республикасынын эл баатыры, кайталангыс талант Сабира Күмүшалиева кыргыз искусствосуна зор салымыш кошкон.

Мектептеги мугалим кыз, тубаса таланттын күчү менен мыкты ролдорду жараткан

Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта азыркы Бишкек шаарындагы Төкөлдөш айылында туулган. Бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгон. Ал мектепти аяктагандан соң, педагогикалык институттун даярдоо курсунда билим алып, мектепте мугалим болуп иштеген. Ал Кыргыз мамлекеттик академиялык театрына 16 жашында келип, Касымаалы Жантөшевдин “Карачач” драмасындагы Карачачтын ролун аткарган. Анын чыгармачылыгындагы өзгөчөлүгү актёрлук билими жок, тубаса таланттын күчү менен мыкты ролдорду жарата алган.

Театрда, кинодо өмүрүнүн аягына чейин роль ойноп, элүү жашында 14 жаштагы баланын ролун аткарган

Кайталангыс талант Сабира Күмүшалиева 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенген. Бул убакыт аралыгында 100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Алардын арасында кайгылуу, күлкүлүү оң жана терс образдар бар. Узак убакыт бою Бексултан Жакиевдин “Атынын тагдырындагы” Оңолкандын ролун ойногон. Андан сырткары, “Уркуя”, ” Ак кеме”, “Бакайдын жайыты”, “Лифти бар үйдөгү тепкичтер” жана ” Кызыл алма” өңдү көптөгөн фильмдерде тартылган. Театрда, же тасмада роль аткарууда ийине жеткире ойногон. Өзгөчө кесипкөйлүгүнөн улам,  элүү жашында 14 жаштагы Кычан Жакыповдун ролун ойногон.

Чыгармачыл жубайлар балдарынын көзүнчө эч убакта урушушкан эмес

Сабира Күмүшалиеванын биринчи күйөөсү согушка кеткен бойдон көп убакытка келген эмес. Узак убакыт күтүп жүрүп, СССР эл артисти Муратбек Рыскуловго турмушка чыгат. Сабира Күмүшалиева менен Муратбек Рыкулов 38 жыл бирге түтүн булатып, төрт баланы эрезеге жеткирген. Бул чыгармачыл жубайлардын өзгөчөлүгү балдарынын көзүнчө эч качан урушушкан эмес. Жубайлар балдарына үлгүлүү ата-эне болуу үчүн, балдарынын көзүнчө чатакташууга жол бербөөнү катуу көзмөлдөшкөн. Кыргыздын көөнөргүс таланттары кандайча үйлөнүп калганын кызы Нуржамал Рыскулова төмөндөгүдөй баяндайт: “Атам колун сурап, артынан жүргөн кезде апам согушка кеткен күйөөсүн күтүп жүрүптүр. Ушул окуя чын-калпын билбейм, бирок өзүлөрүнөн уккам. Кесиптештери менен май майрамдарынын биринде шаар четине эс алууга чыгышыптыр. Атам апамды шар аккан суунун жээгине чакырып, колун сурайт. Апам каршы болгондо, колунан тартып сууга салаӊдата кармап «сен мага турмушка чыгасыӊ, же мен сени сууга агызам» дептир. Апам коркконунан “макул” деп коюп, бошоткондо «мен баары бир күйөөмдү күтөм» деп качып жөнөптүр. Атам кармап келип, кайра сууга салам дегенде апам макулдугун бериптир” дейт кызы. Көп жылдан кийин Сабира апанын биринчи күйөөсү согуштан кайтып келген. Аа аялынын жаӊы турмушун көрүп, өзү да башкага үйлөнгөн. Муратбек Рыскуловдун кеӊ пейилдигин ушундан байкаса болот, Сабира апа алып жүргөн биринчи күйөөсүнүн фамилиясын өзгөрткөн эмес. «Кой Сакиш, Күмүшалиев биринчи күйөөӊ, ал жаман адам эмес. Согушта сейилдеп жүргөн жок, паспортко жазылып калган фамилияӊды өзгөртпө» деген экен.

Акыркы жылдары

Карылыгы жетип, өмүрүнүн акыркы жылдары үйдө отуруп калган мезгилде дагы Сабира Күмүшалиева куурчактай жасанып, шиштакасын кийип отурчу. Жанындагы сумкасында сандыктын ачкычы, жүз аарчы, француз атыры жана 100 сому дайым болчу экен. Үйүнө врачтар келип “Сизге шиштака кийгенге болбойт, жапыз бут кийим кийишиӊиз керек” дешсе, “Макул, кагылайын, алып кел башкасын” деп алардын көзүнчө кийимиш болуп туруп, алар кеткенден кийин кайра шиштакасын кийип алчу. Кызы: “Ой апа, сизге болбойт дебедиби?” десе, “Доктур жаш да, ал кайдан билмек эле? Мен эл көзүнө дайыма ушундай көрүнүшүм керек” деп койчу экен. Анан дагы ал отурган бөлмөсүнө дайыма дасторконду жайнатып койчу. Батасын алабыз деп келген адамдардын баарын кабыл алчу. “Өзүӊүз ооруп атсаӊыз…” деген балдарын укпай, “Мен элдик адаммын, киргиз!” деп буйрук бере сүйлөчү экен.

Наамдары

1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева “СССРдин эмгек сиңирген артисти”, андан кийин “Кыргыз Эл артисти” наамын алган. Ал “Даңк” медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык жана Казак Республикасынын “Алтын Көпүрө”, Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомол сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында “Кыргыз Эл Баатыры” наамынын ээси болгон.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *