Калем сап 50 миң сөз жазарын билесизби?

Мезгил

Калем сапты алгачкы жолу ХХ жүз жылдыктын 40-жылдарында Аргентиналык Ласло жана Георг Биро аттуу ага-инилер ойлоп табышкан. Ал эми 1943-жылы калем сап атайын өнөр жайларда чыгарыла баштаган. Экинчи Дүйнөлүк согуш мезгилинде, аталган калем менен аскер кызматынын башында тургандар гана жазышкан.

Ошондой эле калем сап алгачкы жолу 1945-жылы Нью-Йоркто сатыкка чыккан. Кезекке турган элдин көптүгүнөн улам, 500 милиция кызматкери  күзөттө турган. Биринчи сатыктагы калем саптын баасы 12 долларды түзгөн. Нью-Йорктун жашоочуларынын бир күндүк айлыгы менен барабар болгон. Бирок, кымбатына карабай бир күндө 10 000 калем сап сатылган.

 

Калем сап тууралуу кызыктар

17 кылымда Венецияда көз жооосун алган кооз калем сапты чыгарышкан. Аны байлар жана белгилүү адамдар колдонуп, мамлекеттин маанилүү иш кагаздарын жазышкан.

Калем сапты чогултуп коллекция жасоо “стилофилия” деп аталат.

 

Жакшы калем сап менен 50 миң сөзгө чейин жазса болот.

 

Дүйнө жүзү боюнча бир минутада 900 ручка сатылат.

 

Америкада сүйлөгөн калем сап чыгарылган. Ал копьютер сыяктуу жумуш аткара алат. Жазылган тексттин катасын оңдойт, укканын жазат жана башка тилге которо алганы менен элди таңкалтырган.

 

Дүйнө жүзүндө эң кымбат калем платинадан жасалган, ал 1млн. еврого бааланып, Гиннес китебине кирген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *