Калилов: Жаңы темир жолдун курулушуна 2 өлкө жардам берет

    Мезгил

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» долбоору боюнча Орусия менен техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандыгы тууралуу билдирди. Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жол курулушу көп жылдардан бери айтылып, ишке ашпай келаткан ири долбоор болуп саналат.

Орусия менен техникалык-экономикалык негиздеме жасадык. Кайсы жерден өтөрү, курулушка удаалаш кайсы кен байлыктарга чалгындоо болушу керек экендиги каралган. Азыр Россия «каражат маселесин карайбыз» деп жатат. Өзбекстан «курулуш, долбоорлоо тармагына жардам беребиз деп турушат”, – деди Жамшитбек Калилов.

Маалымат үчүн

2002-жылы кытай тарап курула турган темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөрүп чыккан. Бирок бул демилге эч кайсы тараптан колдоого ээ болгон эмес. Мындан соң кыргыз бийлиги кайрадан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактырып, жаңы маршрут сунуш кылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *