Калык Акиев залкар ырчылардын жазылбай калган мурастарын кагаз бетине түшүрүүдө тоодой эмгек жасаган

Мезгил

Көп кырдуу талант Калык Акиев

Жез таңдай акын, айтылуу дастанчы, обончу, комузчу, эл артисти Калык Акиев 1883-жылы Жумгалдын Кара-Ой деген жеринде туулган. Тубаса талант бала чагынан оор күндөрдү башынан өткөрүп, тагдыры татаал болгон.

Атасы Акы жыгач уста, көзгө атаар мергенчи болгон

Ар тараптуу талант Калыктын атасы Акы көзгө атаар мергенчи, устачылык өнөрү болгон. Устачылык өнөрү менен боз үйдүн уук, кереге, эшиктерин жасап жансактаган. Ал Байгазак болуштун кунуна жыгылып, итке минген кедейчиликтин оор күндөрүн басып өткөн. Атасы Акы Байгазак болуштун каарынан качып, Тогуз-Тороого качып барат. Ал жерден да жолу болбой кендир кескен кедейчиликтин, турмуштун оор сыноосунан тайбастан дагы жер которуп Кетмен-Төбөнүн Ничке-Сай айылына барып отурукташып калган.

Бала кезинен ыр-күүгө жакын өскөн

Бала кезинен шок өсүп, турмуштун оор сыноосунан чыйралган Калык сегиз жашынан тартып ыр-күүгө жакын өскөн. Төрөкелди манаптын өмүрүндө баш байгени бербеген “Керооз” аттуу күлүгүн чаба баштайт. Аш, тойлорго барат. Чоң тойлордун биринде ак таңдай төкмө акындар Эшмамбет менен Жаңыбайды көрөт. Эки акындын Калыктын чаап жүргөн күлүгүн мактаган алым сабак айтышын угат. Тубаса музыкалык сезимге бай Калык эки акындын алым сабагын дароо илип алып, эл арасында ырдай баштайт. Калык 11 жашына чейин Төрөкелди манаптын күлүгүн чабат. 

Күйүт ырларын ырдап, ыр дүйнөсүнө тушоосу кесилген

Эс тартып калган Калыктын ырга болгон шыгы күндөн-күнгө күч алып, айыл аралап жарамазан айта баштайт. Калыктын жарамазанын уккандар “Бечара Акы устанын уулу ырдайт экен” деп кеп кыла башташат. Калык 13кө чыкканда энесинен айрылат. Үч жашар бөбөгүн кучактап жетим калат. “Баскан жол” аттуу китебинде Калык энесинен айрылган кезин төмөнкүдөй эскерет:
– Мен 13кө чыкканымда июнь айында энем каза болду. Үч жашар бөбөгүмдү кучактап, жетим калдым. Төрт музоолуу уй бар. Эки-үч күнү айылдагы аялдар уйларды саап беришти. Андан кийин алар жолобой коюшту. Чоң манаптын айылы болсо, жүдөгөн жетимдерге ким карашсын. Боордош ага-тууган жок. Бөбөгүм ыйласа, сооротуп, уйларды өзүм саап, сүтүмдү бышырып, кадимки аялдарча каймак сызгырып, чөбөгөсүн энеме куран окутуп келгендерге берем. Атам үйгө кээде келсе, кээде келбейт. Ар кимге үй жыгач жасоого кетет. Чынында эле атам оокатка, малга кароо киши эле . Ошондо ар нерсени ойлонуп, эч болбосо үйгө каралашар бир киши жоктугуна күйүнүп, Бектурган жетимчемди кучактап, энемди кошуп ыйлаганым:
Аттанып үйгө токтобой,
Айылга кетет атакем,
Алмадай бизди зарлатып,
Акырет кеттиң апакем.
Азапты башка жиберген,
Ажалдан келген капа экен,
Пааналап үйгө токтобой,
Бастырып кетет атакем.
Апаке,
Үйүң калды тигилбей,
Үзүгүң калды бүгүлбөй,
Үшкүрүгү таш жарып,
Апаке,
Үч жетим калды түңүлбөйт – деп, жоктоп ботодой боздогонун жазган. 

14 жашында алгачкы ирет эл алдына чыккан

Оор күндөрдү башынан өткөргөн Калыктын күйүт ырлары күндөн-күнгө оргуштап чыгып, ыр дүйнөсүнө тушоосу кесилет.  Ал 14 жашында биринчи жолу эл алдына Төрөкелди манаптын жакын тууганы Чоробай ажы өлгөндө манаптын өтүнүчү боюнча ажыны мактап ырдайт. 
Талантын баалап, Төрөкелди Калыкка кунан мингизет. Ошол күндөн Калык айылга келечеги кең, ак таңдай акын катары тааныла баштайт.

Алымкул Үсөнбаев (солдо) менен Калык Акиев (оңдо)

Калык Токтогулду “улуу устатым” деп, өлөр өлгөнчө кол үзүшкөн эмес


Күндөрдүн биринде малайлыктан башы чыкпай, көрбөгөндү көрүп, тартпаган азаптарды тартып жүргөн Калык Жумаалы дегендин үйүнөн айтылуу Токтогулга жолугат. Калык Токтогул менен саламдашып ыр менен учурашат. Узун сабак ырында Калык Токтогулдан “Үлгүлүү нуска үйрөтүп, Токо, чукул коштоп сүрөгүн” – деп өтүнөт. Калыктын өтүнүчүн четке какпастан Токтогул “Эртең менен келгин балам” – дейт. Эртеси Калык келет. Током кийип турган чапанын жаш төкмөгө чечип берет. Ошол күндөн тартып Калык Токтогул менен ата-баладай бирге жүрөт, шыгын жетилтет. Устатынын ырларын ырдайт, дастандарын айтат. Күүлөрүн чертет. Калык Токтогулду “улуу устатым” деп, өлөр өлгөнчө кол үзүшкөн эмес. 

Кат тааныбаган аксакалдарга кат тааныткан да Калык болгон

Калык төкмө акын болсо дагы, калемди 45 жашка келип калгандан кийин кармап, чыгармаларынын жана элдик оозеки чыгармалардын өзү билген баардык үлгүлөрүнүн элге керектүүлүгүн сезип кагаз бетине түшүрө баштаган. Өзгөчө Токтогул Сатылганов, Жеңижок, Эшмамбет сыяктуу өткөн кылымдын залкар ырчыларынын жазылбай калган мурастарын кагаз бетине түшүрүүдө тоодой эмгек кылган.
Алтургай Эстебес Турсуналиевдин айтуусунда акындар гастролго чыккан мезгилде көпчүлүк ырлардын тексттин жазган, ал ырларга Жумамүдүн Шералиев обон чыгарган. Ошол мезгилдеги кат тааныбаган аксакалдарга кат тааныткан да Калык болгон. Көп кырдуу талант Калык Акиев 1953-жылы 3-ноябрда көз жумган.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *