Камчы Көлбаевдин камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды

   Мезгил

Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы токтому менен Камчы Асанбекке (Камчы Көлбаев) карата баш коргоо чарасынын мөөнөтү 22-мартка  чейин узартылды. Бул тууралуу  аталган соттун басма сөз кызматынан  билдиришти.

  “Мыйзамдагы ууру” аталган уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) лидери КРнын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 мекемесинде кармалат.

Белгилей кетсек, Камчыбек Асанбек 22-октябрда Бишкекте кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жеткирилген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *