Мезгил
Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалым болгондой, ал Бостерини «кармап жүрөт» деп айтылууда.
Милицияга арыз менен жергиликтүү тургун кайрылган. Айтымында, ал мал чарбачылыгы менен алектенет, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү андан акча талап кылган. Буга чейин шектүү фермердин керегине жарап, ишин бүтүрүп берген, бирок акысына бир канча уй жана кой алган. Чыгым 10 миң долларды түзгөн.
Күбөлөр шектүүнү сот учурунда тергөө абагына киргизүүнү өтүнүшкөн, бирок, Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы Мээрим Акматова шектүү жаранды үй камагына чыгарды.