Мезгил
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18-февралда Кыргызстанга кайтып келет.
Маалым болгондой, ал 18-февралда, саат 10:00дө эл аралык «Манас» аба майданына учуп келип, дароо Баткен облусуна барат. Ал жерде тийиштүү маселелер каралат.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев Германияга жүрөгүнө операция жасатуу үчүн узап кеткен.